Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаевдин Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашты.
Тараптар ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу боюнча сааттарды тууралашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн