Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган сапары эки өлкөнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы барак ачат

04.11.2022 09:13
391
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган сапары эки өлкөнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы барак ачат

"Өзбекстандын президентинин алдыда Кыргызстанга болчу сапары өзбек-кыргыз өз ара кызматташтыгынын тарыхында жаңы барак ачып, биздин боордош элдерибиздин көп кылымдык достук жана боордоштук байланыштарын бекемдөөгө кызмат кылат", - деди Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуусунда.


Эскерте кетсек, Өзбекстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Бишкекке келген.


Кыргызстан ТИМинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду.


Тараптар иш сапардын маанилүү бөлүгүн соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоого жумшоону макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн