Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шайырбек Абдрахман: Президенттик шайлоодо Садык Шер-Ниязды колдойм

10.11.2020 15:16
1003
Шайырбек Абдрахман: Президенттик шайлоодо Садык Шер-Ниязды колдойм


 

Садык Шер-Нияз агабыз келе жаткан президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Ошондой эле ал өзүнүн максаттары жана идеялары менен учкай бөлүшүп кетти.


Менин урааным: Эркиндик! Акыйкаттык! Билим! - деди.


Биринчиден, албетте кыргыз эзелтен эркиндикти сүйгөн, көөдөнү бийик, көкүрөгү таза, куттуу эл эмеспи. Кайсы кыргыз баласы эркин ойлонуп, эркин сүйлөп, өз оюн эркин айтып басып жүргүсү келбесин. Садык Шер-Нияздын бул оюн колдойм!


Экинчиден, акыйкаттык - эгер калыстык болбосо, сот, прокурор сыяктуу кызматы бар адамдар бийликтин камчысын чаап, өйдөгө лепилдеп кошомат кылып, карапайым элден пара сурап, кордоп турса, кайдагы келечек!? Акыйкаттык, калыстык бар жерде гана коом өнүгөт, заман оңолот тура. Биз башка өлкөлөрдүн мыйзамдарына, элинин турмушуна, тартибине, жашоосуна тамшанбай, өз өлкөбүз менен сыймыктангыбыз келет!


Үчүнчүдөн, билими күчтүү миңди жыгат дейт элибиз. Эгемендик алган күндөн тарта билим берүүгө кандай көңүл бурулду? Дүйнөдөгү илим билимдүү, бай өлкөлөр кайда кетип баратышат да, биз кайда баратабыз? Мугалим, врач, окумуштуу, илимпоз, жазуучу койчу деги эле коомду алдыга жылдыруучу интеллигенциянын учурда абалы кандай? Артыбызда кандай муун келатат? Илим билимдүү азамат улан кыздарыбыз көппү, азбы? Мына ушул суроолор бүгүн өтө так жана акылдуу жоопторго муктаж. Менимче бул жаатта Садык аганын мыкты идеялары бар.


Эми жыйынтык:


Адамга “акча сураганды эмес, акча тапканды үйрөт” дейт. Мамлекетибиз карыз сурамайын жашай албай калган абалга жетип калды. Бүгүн ар кимибиз, ар кимди колдоп, ал адамдар үчүн урушуп, сөгүшүп, шылдыңдашып, чатакташа да кетип жатабыз. Албетте ал талапкер, лидерлерге ийгилик каалайм! Кудайдын жазганындай болот деңизчи барысы.


Бирок, ой калчайлычы, бир аз демди басып, ойлонуп алалычы. Урматтуу эл журт! Эркиндикти, калыстыкты сүйгөн кыргыз! Келиңиздер эс-акылдуу коом, жаштары илим билимдүү, аксакалдары сыйлуу, бийлиги адилеттүү өлкө курабыз! Мен сиздерди ушуга чакырат элем! Бар болуңуздар!!!


P.S. Айтмакчы, бир өтүнүч, келиңиздер бүгүндөн баштап соцтармактарда сөгүшпөй, какшыкташпай, ар кимибиз татыктуу деген талапкерди акыл-эс жана жарык маанай менен колдойбуз!

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Садык Шердиби башканыбы,тандаган алам оз ерки.Туура,ар кимдин оз каалоосу.
Болот
Туура жаз тууган