Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча бир-эки күндө чечим кабыл аларын билдирди.
"Азыр шайлоочулар менен кеңешип жатам. Бир-эки күндүн ичинде маалымат беребиз. Агамдын тарбиясын алгам, анын кеңешин, шайлоочулардын өтүнүчүн эске алуу менен чечим кабыл алабыз", - деди ал.
Буга чейин Камчыбек Ташиев бир үй-бүлөдөн бир саясатчы болуш керек экенин билдирип, иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн