Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатына байланыштуу маселе боюнча акыркы чечимди кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу депутат журналисттерге жооп берип жатып айтты.
"Үй-бүлөбүз менен шайлоочулардын кайрылуусун эске алып, берген убадаларыбызды аткарабыз деп чечтик. Эл-журтубузга колубуздан келгенче, акыркы кашык каныбыз калганча кызмат кылабыз. Мандатты тапшырбай турган болдум", - деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн