Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Шайлдабекова: Шайлоону өткөрүүгө толук кандуу даярдык жүрүп жатат

06.08.2020 13:18
1189
Шайлдабекова: Шайлоону өткөрүүгө толук кандуу даярдык жүрүп жатат


Республика боюнча парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү иштери толук кандуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 6-августта премьер-министр Кубатбек Бороновдун катышуусунда онлайн режиминде өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат жана тийиштүү аралыкты кармануу талап кылынат. Ошондой эле шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүдө жана шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча кампаниянын учурунда текшерүү алгоритми иштелип чыккан.

Кеңешмеде укук коргоо органдарынын, Финансы министрлигинин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери баяндама менен чыгышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн