Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шайлоо-2021: ИИМ министринин орун басары түштүктөгү коомдук тартип боюнча жыйын өткөрдү

05.01.2021 11:44
506
Шайлоо-2021: ИИМ министринин орун басары түштүктөгү коомдук тартип боюнча жыйын өткөрдү

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков кызматтык иш сапар менен барып Ош шаарынын,  Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилик  жана өздүк курамы менен жолугушуп жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Анда  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерин текшерүүгө алып, аталган маселеге байланыштуу жергиликтүү милиция жетекчилери менен чогулуш өткөрүп учурдун маанилүү маселелерин талкуулады.


Сүйүнбек Өмүрзаков алдыда боло турчу шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту өзгөчө жогорку денгээлде көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоону талап кылды. Ошол эле учурда кызматкерлерди шайлоо күнү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жана алардын кызмат өтөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.


Ош шаардык,  Ош жана Жалал-Абад  облустук милициянын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде  күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар боло турган болсо өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча  кошумча тапшырмаларды белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн