Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Шайлоо: Чүй облусунда 24 мыйзам бузуу катталды

28.11.2021 19:12
671
Шайлоо: Чүй облусунда 24 мыйзам бузуу катталды

Чүй облусунда шайлоонун эрежелерин бузган 24 материал катталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма-сөз кызматы билдирди.


Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, анын ичинен:


- Кемин РИИБдө - 1 материал;


- Токмок шаардык ИИБдө - 11 материал;


- Аламүдүн РИИБдө - 5 материал;


- Сокулук РИИБде - 3 материал;


- Москва РИИБдө - 1 материал;


- Жайыл РИИБдө - 1 материал;


- Панфилов РИИБдө - 2 материал.


Ошол эле учурда катталган 24 материалдын ичинен 3 материал кылмыштын курамы жок болгондуктан байланыштуу номенклатуралык ишке чыгарылган.

Саат 18:00гө карата Чүй облусунун аймагында жарандар тарабынан коомдук тартипти бузуулар катталган жок.


Учурда Чүй облусунун 820дан ашык милиция кызматкерлери жер-жерлерде кызматын күчөтүлгөн режимде улантууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн