Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Шайлоо жыйынтыгы боюнча «ярый» талапкерлерден эмнеге үн чыкпайт?

13.01.2021 12:28
613
Шайлоо жыйынтыгы боюнча «ярый» талапкерлерден эмнеге үн чыкпайт?


Президенттик шайлоонун өткөнүнө бүгүн туура үч күн болду. Шайлоого катышкан шайлоочулардын дээрлик 80%ы менен Садыр Жапаров жеңишке жетти. Россия, АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай сыяктуу бир катар мамлекеттердин бийлиги С. Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен да куттуктоого жетишти. 


Шайлоодо ага атаандаш болгон 17 талапкердин айрымдары да шайлоонун жыйынтыгы менен макул экендиктерин айтып, С. Жапаровго ийгилик каалашты. Мисалы, көпчүлүк күтпөгөн жерден үчүнчү болуп келген Бабур Төлбаев шайлоо жыйынтыгын таанып, С. Жапаровго бир катар өзүнүн кеңештерин да сунуштады. Шайлоо өнөктүгү учурунда өзгөчө сын-пикирлерди айтып келген талапкер Равшан Жээнбеков да шайлоо таза өткөнүн белгилеп, алтургай Садыр Жапаровдун командасында чогуу иштешүүгө да даярдыгын билдирди. Айым талапкер Клара Сооронкулова да көпчүлүктүн тандоосу менен макул экенин билдирип чыкты. «Көпчүлүк добуш бергенден кийин бул элдин пикири. Аны сыйлаш керек», - деди ал. 


Ошол эле убакта шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын ачык айтып чыккан талапкерлер болду. Мисалы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Шайлоо реалдуулуктан алыс өттү» деп баалады. Эске сала кетсек, ал шайлоодо 6,7% добуш менен экинчи болуп келди. 


1,46% добуш алган талапкер Абдил Сегизбаев да шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Ал шайлоо бардык талапкерлер үчүн бирдей шартта өткөн жок деп эсептейт. Анан дагы ал шайлоодо адмнистративдик ресурс колдонулду деди. «Жаңы бийлик өз максаттарына криминалды жана олигарх-коррупционерлердин ресурстарын пайдаланды» деп кошумчалады ал. 


Талапкер Курсан Асанов дагы шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын айтты. «Добуш берүү процесси басым менен, бардык талапкерлерге бирдей эмес шартта жүрдү. Добуштар фальсификацияланганы тууралуу мага чейин маалыматтар келип жатат», - деди ал. 


Ал эми Каныбек Иманалиев шайлоонун жыйынтыктарын тааныйм деп ачык айтпаса дагы, ошого жакын пикирин «Твиттердеги» баракчасына жазды. «Тилекке каршы, шайлоого баары келген жок. Бирок, ар биринин тандоосун сыйлайм. Кыргызстан демократияга карай жолдо. Парламенттик система боюнча: өтө өкүнүчтүү, жаш чырпыктын чоң даракка айланышына жол берилбеди. Мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем», - деди ал. 


Талапкер Улукбек Кочкоров жөн гана өзүнө добуш берген шайлоочуларга ыраазычылык билдирүү менен чектелди. Шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын, же тааныбастыгын ачык айткан жок. 


Кызыгы, шайлоо алдында үндөрү бийик чыгып, Садыр Жапаровдун талапкерлигине катуу каршылык көрсөтүп жаткан айрым талапкерлердин үн-сөзү чыкпай жатканында болууда. Мисалы, «Азыр токойдон 20 маймыл чыга калып эле мамлекетти башкарып жаткандай болуп жатат» деп сындап келген Бактыбек Калмаматов шайлоо жыйынтыгы тууралуу үн ката элек. Ал президенттик башкаруу формасына кайтып барууну да туура эмес аракет катары айтып келген. 


Ошол эле убакта Садыр Жапаровду Кытайдын атайын кызматы менен байланышы болушу мүмкүн деп айтып келген Канат Исаев да жымжырттык кармап турат. 


Эмнеге бул талапкерлер ак же көк деп коюшпайт? Же шайлоо алдындагы карманган позицияларынан тайдыбы? Алардын пикири азыр коомчулук үчүн кызык болуп турат. Балким жең ичинен соодалашуу жүрүп жаткан жокпу?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн