Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Шайлоодон кийин тополоң чыкса бийлик элге курал колдонобу?

10.12.2020 12:23
2156
Шайлоодон кийин тополоң чыкса бийлик элге курал колдонобу?


9-декабрда Бишкектин четиндеги "Ала-Тоо" полигонунда аскердик машыгуу өтүп, анда кызматкерлер өзгөчө абал режиминде аткарылчу иш-аракетине даярдык көрдү. Бул машыгууга Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчилиги менен өкмөттүн Чүй облусунун өкүлчүлүгүнүн, Бишкек мэриясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле "Элдик кошуундар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы катышты.


Куралдуу күчтөр аралашкан бул машыгуунун максаты нааразычылыкка чыккан элди басуу болгону да кызык. Алардын сценарий боюнча, өлкөдөгү нааразычылыктардан улам массалык башаламандык жаралып, талап-тоногондор күч алып, абактан да өзгөчө кооптуу кылмышкерлер качып кетет. Бийлик өзгөчө абал режимин киргизүүгө аргасыз болот. Блокпостко жаалданган топ келип, бирок Элдик кошуун менен сүйлөшкөндөн кийин артка кайтышат. Бирок бир аздан кийин постко куралчандар басып кирип, аскерлер менен атышып, акыры багынышат. Экинчи сценарий боюнча, нааразычылыкка чыккандар менен күч түзүмдөрү кагылышат. Сүйлөшүүгө макул болбогон демонстранттарды аскерлер кууп таратат.


Кыскасы азыркы бийликтин күч тармагын тейлеп жаткан жетекчилери кандайдыр бир толкундоолорго катуу даярданып жаткандай. Буларда негиз болбосо мындай машыгуу өткөрбөсө керек эле. Эмне азыркы бийлик шайлоо ыплас өтсө, ага каршы эл чыкса аларды күч менен басабы? Карапайым калкка аскерлерди агытып, курал колдонобу?


Канатбек Аскаров






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн