Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Шевченко Грассо менен болчу үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады

19.09.2023 17:08
471
Шевченко Грассо менен болчу үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады


Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Алекса Грассо менен боло турган үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.


Эскерте кетсек, кыргызстандык жана мексикалык спортчулардын реванш беттеши өткөн дем алышта өтүп, тең эсеп менен аяктаган. Бул Грассого чемпиондук курун сактап калууга мүмкүнчүлүк берди.


Беттештен кийин Шевченко дароо эле UFC калыстары акыркы чечимди басым алдында кабыл алганын билдирген. Бул күнү Мексика Көз карандысыздык күнүн белгилеп жаткандыктан беттешти көрүүгө абдан көп күйөрман чогулган.


"Үчүнчү беттешти Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө өткөрүү акыйкат болмок. Кыргызстандыктар да, өлкө бийлиги да муну колдомок... Менин беттештеримди КР өкмөтүнөн атайын учуп келип көргөндөр болгон, мага колдоо көрсөтүшкөн. Өлкө президенти Садыр Жапаров да ММА менен тааныш, мен үчүн анын колдоосу абдан маанилүү", — деди мушкер кыз MMA Hour телеканалына берген маегинде.


Шевченко Грассодон ушул жылдын мартында жеңилип калган. Раунддар боюнча жеңип келе жатып, төртүнчү бөлүктө Грассо муунтуу ыкмасы менен утуп кеткен. Бул Шевченконун 2017-жылдан берки алгачкы жеңилүүсү эле. Беттештен кийин дароо реванш талап кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн