Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Шымын булгаган, колун аябайт, же токаевдик бийликтин чабуулуна даярдык тууралуу

10.01.2022 11:26
3058
Шымын булгаган, колун аябайт, же токаевдик бийликтин чабуулуна даярдык тууралуу


"Шымын булгап алган колун аябайт" дейт кыргызда. Өз мамлекетин чет элдик аскерге бастырган, өз жарандарын, элин окко тутуп, аттырган, 20 миң террорист тууралуу жомок токуп, карандай калпты шыпыртып, саясий шермендечиликтин үлгүсүн көрсөткөн Казакстан президенти К.Токаев азыр дал ошо шымын булгап (чычып) алган абалда. Демек, колун аябайт - ар кандай пастыктан, карөзгөйлүктөн, жандимиликтен кайра тартпайт.

Бүгүн-эртең "20 миң террорист кана? Кайда кетти? Кайдан келген?" деген мыйзам ченемдүү суроо кабыргасынан коюлса...

Россия президенти Владимир Путинге көчүгүн такаган Токаев: "Террористтердин баары Кыргызстандан келген экен" деп, баарына кыргыздарды күнөөлөп, Казакстанда жөн-жай тиричилик кылып, иштеп жүргөн кыргыздарды четинен кармап, камап, кордук көрсөтүшү да ыктымал.

Кыргыз бийлиги, жарандары ушундай ыктымалдуулукка даяр болгону оң. Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги жана УКМК ушул жагдайда оперативдүү иш планын түзүп, батыл аракетке өтүп, Казакстандагы кыргыз мигранттарынын бир тал чачын жерге түшүрбөй, коргоп алышы керек. Колу булганган казак бийлигинин кыргыздарга байланыштуу провокациялык билдирүүлөрүн, атайын даярдаган 'постановаларын' илгиртпей жокко чыгарып, калпынын бетин ачкан жообубуз да даяр болушу зарыл.

Абдувахаб Мониев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн