Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бөлүп жаткан каражаттын АРИСке берилип жатканына каршылыгын билдирди.
Анын айтымында, долбоорду АРИС эмес, мамлекеттик кызматтар аткарыш керек.
"Өкмөт өзү каалагандай кылып көнүп алган. Комитетке алып келет. Кааласаң каалабасаң да өздөрү айткандай болот. Айрым депутаттар өкмөт шымыңарды чечип, башыңарга кийип алгыла десе аны да кылат",- деди депутат.
Буга депутат Нурлан Шакиев нааразылыгын билдирип, ар бир депутаттын жеке пикири бар экенин өкмөт аларга таасир эте албай турганын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн