Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев үй камагына чыкты

31.12.2020 12:50
957
Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев үй камагына чыкты

Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдары билдирди.


Маалыматка ылайык, бул иш боюнча тергөө иштери аяктап,  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатканы такталды.


Бишкектеги башаламандыктан кийин Сыргак Кенжебаев СИЗО-1ден бошотулган, андан кийин ал сотко келбегендигине байланыштуу кайрадан камакка алынган. 5-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кенжебаев үй камагына чыгарылган.


Эскерте кетсек, Сыргак Кенжебаев 2019-жылы 20-декабрда Алматы аэропортунан кармалган. Анын эки алдамчылык кылмыш ишине тиешеси бар. Иликтөө иштерин Ички иштер министрлиги жүргүзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн