Россиянын Украинадагы жеңишине жол бербөө керек. Мындай пикирин Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин чет элдик басылмалар кабарлады.
Анын айтымында, Германия Украинаны колдоо үчүн өлкөдөгү бардык куралды берип жатат.
"Россиянын Украинадагы жеңишине жол бербөө керек. G7 өлкөлөрү Украинага көмөк көрсөтүү иретинде 50 миллиард евро бөлүүнү карайт.
Украина менен сүйлөшүүдөн кийин кандай курал керек болсо, Германия аны төлөөгө даяр",- деди Шольц.
Ошондой эле канцлер Германия Россия газына эмбарго жарыялай албай турганын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн