Шотландиянын Файф шаарында мурдагы Лонганнет көмүр менен иштеген электр станциясынын түтүгү жардырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
182,88 метр бийиктиги менен бул түтүк Шотландиядагы эң бийик имарат болгон.
Бул жардыруу Шотландия көмүр энергиясынан толугу менен арылганын билдирет. Өлкө өкмөтү 2045-жылга чейин энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү жана зыяндуу заттардын эмиссиясынын деңгээлин нөлгө түшүрүүнү пландоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн