Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 12:29:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Шойгу: Украинага алынып келинген чет өлкөлүк техникалар жок кылынат

04.05.2022 15:54
1338
Шойгу: Украинага алынып келинген чет өлкөлүк техникалар жок кылынат

Украинага чет өлкөдөн алынып келинген кандай гана аскердик техника болбосун жок кылынат. Мындай пикирин Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин орус басылмалары кабарлады.


Анын айтымында, орус аскерлери Украинадагы операцияны ийгиликтүү алып барууда.


"Украинадагы атайын операция өзүнүн нугунда аткарылууда. Бүгүнкү күндө катуу курчоого алынган "Азовсталь" заводунан жай тургундарды жана куралын таштаган аскерлерди эвакуациялоо уланууда.

Мариуполь толугу менен орус армиясынын көзөмөлүндө жана шаар мурдагы абалына кайтууда",- деди Шойгу.


Сергей Шойгу чет өлкөдөн Украинага алынып келинген кандай гана аскердик техникалар болбосун аларды жок кылуу мыйзамдуу экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн