Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Балдар арасында коронавирус менен байланышкан сезгенүү кездешүүдө, - Шүкүрова

02.09.2020 15:15
1173
Балдар арасында коронавирус менен байланышкан сезгенүү кездешүүдө, - Шүкүрова


Балдардын арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Бул тууралуу С.Данияров атындагы КММКДжКЖИнин анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова 2-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, август айындагы статистикага ылайык, 14 жашка чейинки COVID-19 инфекциясы менен ооруган 1120 бала катталган. Анын ичинен 1 жашка чейин – 117, 1-5 жашка чейин – 354, 6-14 жашка чейин – 649 баланы түзгөн.


"Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан балдар арасында COVID-19 инфекциясын диагностикалык аныктоо жана дарылоо пандемия башталгандан бери ишке ашырылып келе жатат. Азыркы учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун 4-варианты бекитилген.


Балдардын арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Жогоруда аталган протоколго мына ушул сезгенүүнү аныктоо жана дарылоо боюнча атайын бөлүм киргизилип, жолдомо жазылган”, - деп билдирди Венера Шүкүрова. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн