Швейцария Бишкек шаарынын жаңы конуштарына гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Швейцария тарабынан каржыланган "Ички мигранттардын пандемия шартында мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүсү" долбоорунун алкагында, аталган борбор 1820 баштыкчадан турган гуманитардык жардамды 910 үй-бүлөгө таратып берди.
Жардам «Дордой-2», «Ак-Жар», «Адилет» жана «Алга Элим» конуштарынын жашоочуларына берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн