Бештин айы 18, 2024
Убакыт: 09:52
USD
86.85
87.35
EUR
91.00
92.00
RUB
0.835
0.885

Швейцария таза суу долбоору үчүн Кыргызстанга $20 млн грант берүүгө даяр

11.12.2024 11:16
284
Швейцария таза суу долбоору үчүн Кыргызстанга $20 млн грант берүүгө даяр


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолукту.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, элчи Бангертер жакында Ысык-Көл облусунда өткөн Улуттук суу форумунун жогорку деңгээлде жана маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба жана суу ресурстары жаатында жемиштүү кызматташтыгына үмүтүн билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын биргелешкен долбоорлору талкууланды. Атап айтканда, Бангертер КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин ичүүчү сууга болгон жалпы жеткиликтүүлүктү, ошондой эле ирригациялык маселелер жаатындагы долбоорлорун колдоорун билдирди.

Элчи Бангертер Швейцария Кыргызстанда таза сууну жеткиликтүү кылуу долбоорлору үчүн 20 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн