Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

С.Жээнбеков Бишкекке учардын алдында В.Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

24.06.2020 17:23
1347
С.Жээнбеков Бишкекке учардын алдында В.Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү


Москва шаарына барган Кыргызстандын делегациясы 24-июнда Бишкекке учту, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева.


Анын айтымында, учардын алдында Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.  


"Сүйлөшүүдө президент Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи",  - деди ал. 


Буга чейин Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков жана аны коштоп баргандар Бишкекке келишкенде 14 күн обочолонууда болушарын билдирген. 


«Москва шаарына келгенден кийин баары кайрадан тест тапшырышты. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак», - деген Стамалиева. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн