Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

С.Жээнбеков жана коштоп баргандар Бишкекке келгенде обочолонууда болушат

24.06.2020 15:59
1297
С.Жээнбеков жана коштоп баргандар Бишкекке келгенде обочолонууда болушат


Президент Сооронбай Жээнбеков жана аны коштоп баргандар Бишкекке кайтып келишет. Анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.


Анын айтымында, Москвага учаардын алдында Жээнбеков, делегация мүчөлөрү COVID-19га тест тапшырышкан. Бардыгынын жыйынтыктары терс чыккан.


«Москва шаарына келгенден кийин баары кайрадан тест тапшырышты, буга чейин айтылгандай, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак», - дейт Стамалиева. 


23-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Москва шаарына учуп барган. Өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышмак. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн