Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

С.Жээнбеков: «Коопсуздук кеңешинин бардык чечимдеринин аткарылышы менин жеке көзөмөлүмдө»

24.01.2020 11:35
712
С.Жээнбеков: «Коопсуздук кеңешинин бардык чечимдеринин аткарылышы менин жеке көзөмөлүмдө»

Президент Коопсуздук кеңешинин мурдагы жыйындарында каралган артыкчылыктуу мааниси бар олуттуу маселелерге токтолуп, абалды өзгөртүүгө багытталган бир катар стратегиялык чечимдер кабыл алынганын, ал эми коррупцияга каршы күрөшүү артыкчылыктуу багытыбыз экендигин белгилеп кетти.

Ошондой эле 2018-жылдын 8-февралында болуп өткөн биринчи Коопсуздук кеңеште кабыл алынган чечимдер сот-укуктук реформаларды аягына чыгарууга жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталганын, ошону менен бирге коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктар болгону менен иш дагы эле жетишсиз болуп жатканын айтты.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин бардык чечимдеринин аткарылышы өзүнүн жеке көзөмөлүндө турганын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн