Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Саакашвили кызматка дайындалгандан кийин Грузия Киевдеги элчисин чакыртып алды

08.05.2020 15:21
948
Саакашвили кызматка дайындалгандан кийин Грузия Киевдеги элчисин чакыртып алды


Украина Михаил Саакашвилини Улуттук реформаларды аткаруу комитетине төрага кылып шайлагандан кийин, Грузия Киевдеги элчисин чакыртып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Тбилиси Киев менен расмий дипломатиялык байланышты үзүүнү каалабайт.


“Грузияда соттолуп жана издөөдө жүргөн адамды стратегиялык өнөктөш катары бекиткенден кийин, Украинадагы элчи Теймураз Шарашенидзени кеңешип чечимдерди кабыл алуу үчүн чакыртып алдык”, - деген Тышкы иштер министри Давид Залкалиани.


Эске салсак, Украинанын президентти Владимир Зеленский  Грузиянын мурдагы президентти Михаил Саакашвилини Реформа маселелери боюнча Улуттук кеңешинин аткаруу комитетинин башчысы кылып дайындаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн