Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Саат 20:00гө карата Баткенде абал тынч. Облус башчыларынын жолугушуусу башталды

21.09.2022 20:25
469
Саат 20:00гө карата Баткенде абал тынч. Облус башчыларынын жолугушуусу башталды

2022-жылдын 21-сентябры саат 20:00гө карата Баткен облусунун аймагында абал тынч. Ок атышуу катталган жок. Бул тууралуу президенттин Баткн облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.


Билдирүүдө айтылгандай, социалдык тармактарда чек арага байланыштуу айтылып жаткан расмий эмес маалыматтар чындыкка дал келбейт.


"Андыктан, баарыңыздарды такталбаган маалыматка ишенип, дүрбөлөң салбоого чакырабыз. Саат 19:30да Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзоданын күч структураларынын жетекчилери менен бирге жолугушуусу башталды", - деп айтылат маалыматта.


Өкүлчүлүктөн кошумча маалымат бериле тургандыгын айтышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн