Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сабыр Жапаров: Жыргалаңды бекер берсе да алмак эмесмин

14.01.2021 07:58
755
Сабыр Жапаров: Жыргалаңды бекер берсе да алмак эмесмин

Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасады. 

Анын кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:


Урматтуу Кыргызстандыктар! 

Мен, Жапаров Сабыр. 

Садыр Жапаровдун бир тууган агасы болом. 

Сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө: 

Бүгүндөн баштап, бизди кайрадан массалык маалыматтар аркылуу каралоо иштери башталды. Бул каралоо 2012-жылдан баштап, 2017-жылга чейин жүрүп келген. Андан бери тынчыгансып калды эле. 

Бүгүн кайрадан башташыптыр. Көпчүлүк эл ишенип алат экен. Биздин массалык маалымат каражаттарыбыз жок, КТР, ЭЛТРбыз жок. Ошондуктан, каралоонун баары калп экенин элге толук жеткизе албай келебиз. 

Анда чындык кеп башынан болсун. 

2007-жылы Шахта Жыргалаңды аукционго катышып, мен утуп алгам. Аукцион менен приватташтырууну алмаштырып албаңыздар. Аукцион деген катышуучулардын кимиси эң жогорку бааны берсе ошол утат. Аукцион эркин болгон. Бир нече катышуучулардын арасынан мен утуп алгам. Башкалар азыраак сумма көрсөткөндүктөн четтеп калышкан. Баардык кагаздарын көтөрсөк азыр да ачык көрүнүп турат. 

Өкмөт шахта Жыргалаңды кутула жадап саткан экен. Көмүр казып алуу иштери ошол жылы дээрлик токтоп калган. Шахтага суу толуп кетпес үчүн өкмөт жылына казнадан 30 миллион сом бөлүп берип турушкан. Анткени, шахта токтоп калса түбүндөгү суулар сорулбай, толуп кетет. Мен алган 2007-жылдан 2012-жылга чейин өкмөттөн бир тыйын алган жокмун. 

Эмнеге өкмөт кутула жадап, бизди алдап сатып жибериптир деп жатам? 


Биринчиден, үстүнкү горизонтто көмүр жок калыптыр. Астынкы горизонтко түшүш үчүн жаңы тунелдерди казыш керек болчу. Ал тунелдерди казыш үчүн миллиондогон сомдор кетет эле. Өкмөт анча акчаны бөлүп бере албай калып, эптеп эле иштеп турса болду деп, казнадан 30 млн сом бөлүп берип турган экен. Ушул жерден бир чындыкты айта кетпесем болбойт. Ушул акчаны да толук шахтага колдонушпастан, жарымын жеп жүрүшкөн экен. Шахтаны кагаз жүзүндө өткөрүп алууда кайсы жерлерге колдонулду деген чыгымдарын көрүп түшүндүм. 


Экинчиден, шахтаны аукционго койгондо өкмөт катышуучуларды алдаган. Шахтанын 25 миллион сом карызы бар деп көрсөткөн. Чындыгында 65 миллион сом карызы бар экен. Эгер 65 миллион сом карызы бар деп ачык көрсөтүшкөндө аукционго катышмак түгүл, бекер берсе да алмак эмесмин. Бир айдан кийин кагаз жүзүндө өткөрүп алганыбызда баары ачыкка чыкты. Чачымды жулуп олтуруп калдым. Көрсө салык, соцфонд, свет жана башкалар болуп, 65 миллион сом карызы бар экен. 

Эмне кылыш керек? 

12 миллион сомго утуп алдым. Бир жарым миллион сом оформлениеге төлөдүм. Артка жол жок болуп калды. 

65 миллион карызы бар шахтага инвестор аттуулар жолобойт экен. Карызы бар мекемени доогерлер тартып алат деген түшүнүктө болушат экен. Ошентип, бир дагы инвестор келбей койду. Анысы аз келгенсип карыздардын пенясы өскөнүн айтпа. 

Мунусу аз келгенсип, жумушчулар, Электрик, электорслесарьлар иштеп турган моторлорду талкалап, ичиндеги сары зымын сатып жиберишиптир. Иштеп турган кабельдерди кесип кетип, металга тапшырып жибериптир. Кыскасы өкмөттүкү кезинде ушундай жолдор менен жеп жүрүшүп, көндүм адат болуп калыптыр. 

Кийин ал жумушчулардын баарын иштен айдадым. Эми ошолор каралоо үчүн материал издеп барган журналисттерге ар кандай маектерди беришип, бүгүнкү күнгө чейин мага душман болуп жүрүшөт. 

Кыскасы көрбөгөн азапты көрдүм. 

65 миллион сом карыздарды акчалай, автомобилдер, ар кандай мүлктөр менен жаап олтуруп, 2009-жылы араң бүттүм. Өзүм жылаңач калдым. 


Шахтанын 150 дөй жумушчулары менен жыйын өткөрдүм. Жаңы горизонтко түшүшүбүз керек эле. Ал үчүн жаңы эки тунел тешип өтүшүбүз керек болчу. Биздин жумушчулар айтты. Эки тунелдин бирөөнү он жылда тешип өтөбүз дешти. Менин таптакыр эле духум түшүп калды. Он жыл көмүр казбай эле тунел тешсек, булардын эмгек акысы, салык, свет, соцфонд дагы миллиондорду кайдан табам деп. Ал ортодо кытай инвестору табылып калды. Инженери келип, карап туруп, эки тунелди 30 кытай менен үч айда тешип өтөбүз деди. Биздин жумушчулар ишенбей таң калышты. Мен өзүм деле ишене бербедим. Биздин 150 жумушчубуз бир тунелди он жылда тешип өтөбүз деп жатышса, 30 кытай эки тунелди үч айда кантип тешип өтөт деп. 


30 кытай келип, үч айда тешип өтүп кетишти. Ошентип, иш кызуу башталды. Жумушчулардын айлык акылары өкмөт кожоюн болуп турган мезгилде мага чейин 1500 сом болчу. 2012-жылы 30 000 сомго көтөрүп бердим. Өкмөт 2 миң тонна көмүр казчу экен. Биз 12 миң тонна көмүр каза баштадык. Жаңы горизонтко лента орнотуп, 100 миң тоннага жеткирүү пландалган эле. 2014-жылы ошого сөзсүз жетмекпиз. 

Анан эле иним Садыр Кумтөрдү көтөрүп чыкканда балее башталды. 

Мага СНБдан, финполдон, салыктан адамдар келишти. Иниңди кой де. Кумтөргө тийишпесин. Болбосо шахтаңдан айрыласың дешти. 


Менин Кумтөр боюнча маалыматым деле жок эле. Садырга барып айттым. Ушинтип келишиптир деп. Ал салык, соцфонд жана башка төлөмдөрүңдү убагында төлөп жатасыңбы деп сурады. Ооба дедим. Андай болсо эч кам санаба. Кумтөр өз мамлекетибиздин пайдасына иштеш керек. Бир эле Кумтөр менен өлкөбүздү Орто Азиянын Швейцариясына айлантсак болот экен. Бир шахтаң үчүн жалпы элдин кызыкчылыгын аттап өтсөк, элдин убалы уктатпайт. Кумтөрдү мамлекетке алабыз. Депутаттардын 90 пайызы колдоп жатышат деди. Кийин ошол колдоп жаткан депутаттары тескери кетиштиби айтор мамлекетке өтсүн деген демилгеси өтпөй калды. Өзүн камап коюшту. Шахтага күч түзүмдөрү жайнап кетишти. Иштеп жаткан 30 кытайды ачыктан ачык эле кубалап жиберишти. Өзүбүздүн 150 жумушчу менен калдык. Кийин келишип, күчкө салып эле шахтаны тартып алышты. Ошону менен 2012-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин шахта менде эмес, Өкмөттүн колунда. Өкмөт баягы эле таз кейпин кийгизген. Шахтаны суу бастырып жиберишкен. 2014-жылы астынкы горизонтко Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларын киргизип жиберишип, аба жетпей эки киши каза болду. Ошол мезгилде да бийлик менен Дело номер гезити бизди каралап чыгышты. Жапаровдор иштете албай эки киши өлдү деп. Биздин менчик  ММКларыбыз жок жооп бере албагандан кийин, элдин көпчүлүгү ишенип алышат экен. Бул каралоо үч жыл мурда токтоп калды эле. Азыр эми элдин баары Садырды колдоп баштаганда кайрадан каралап башташты. 2012-жылдан бери шахта менин колумда эмес. Өкмөттүн колунда. Тартып алышкан.


Эгер азыр деле шахтаны кайра берсе, күркүрөтүп иштетип кеткенге даярмын. Өкмөт эч качан иштете албайт. Кумтөрдүн айынан шахтаны өлтүрүштү. Буга ошол мезилдеги өкмөт күнөөлүү. Эгер өкмөт кайра берсе Шахтаны эртең эле тирилтүүгө дараметим жетет. 


Жогорудагы фактыларыма кимде ким күмөн санаса, келиңиздер. Кагаз жүзүндө тастыктап берем. Азыр 21-кылым, кагаз сүйлөгөн заман эмеспи. Шахтадагы таарынычы бар адамдарды сүйлөтүп алып эле жамандай берсе ишене бербеңиздер. Шахтанын сырткы кебетесин видеого тартып алышып, жамаан кылып көрсөтүп жатышат. Шахтанын күч кубаты сыртында эмес, жер астында. Чындыкты билиш үчүн астына түшүш керек. 

Ошондуктан, урматтуу замандаштар! 

Соц түйүндөр аркылуу болсо да ушул чындыкты сиздерге жеткирип, каралоочуларга жооп берип коюуну туура көрдүм.  

Урматым менен 

Жапаров Сабыр Нуркожоевич

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн