Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу: Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз

09.01.2022 18:38
1156
Садыр Жапаров  Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу: Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз

Викрам Рузахуновдун кармалышы тууралуу эки өлкөнүн атайын кызматы иш алып барууда. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-январда Фейсбук баракчасына жазды.


"Урматтуу Кыргызстандыктар! 

Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз. 


Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. 


Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз. 


Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү",- деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн