Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 07:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Улуттук статистика комитетинин төрагасын кызматынан бошотту

19.02.2021 19:08
860
Садыр Жапаров  Улуттук статистика комитетинин төрагасын кызматынан бошотту

Акылбек Султанов Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Султанов Акылбек Шакирович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.


Эске салсак, Акылбек Султанов 2016-жылдан бери Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы. Ал Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев кезинде дайындалган. Ал КСДПнын экс-депутаты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн