Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга барат

04.03.2021 14:16
582
Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга барат

Садыр Жапаров 11-12-мартта мамлекеттик иш сапарынын алкагында Өзбекстанга барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө президенттин атына тигил же бул өлкөгө иш сапары менен баруу боюнча көптөгөн чакыруулар келген.

“Садыр Жапаров өз сөзүндө биринчи кезекте коңшу өлкөлөргө бара турганын айткан”, - деди ал.

ТИМ башчысы Кыргызстандын президентинин Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга баруу планы бар деп билдирди.

Казакбаев иш сапар эки тарапка тең ыңгайлуу учурга ылайыкталып уюштурулат деди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн