Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Москвага барат

23.05.2023 10:33
432
Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Москвага барат



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-25-майында Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат.


Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


“Президент Садыр Жапаров 24-майда, Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.


Ошондой эле 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат.


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн