Президент Садыр Жапаров 11-февралда КТРКга берген маегинде акыркы кезде көп аты аталган Арзыбек Бурхановдун кадр саясатына кийлигишип жатат деген суроо боюнча жооп берди.
Президенттин айтымында, Арзыбек Бурханов ага бир калрлы кызматка крй деп алып келген эмес.
"Бул ушакчылардын эле сөзү. Арзыбек Бурханов бир дагы кадрды алып келип, муну коюп бериңиз, тигини коюп бериңиз деген жок. Мен кандай буйрук берсем, ошону гана аткарып жүрдү. Мурдагылардай болуп бир адамдын жетегинде кетип калбайм. Мен муну биротоло бардыгына айтып коёюн, аны иш жүзүндө да көрсөтөм. Бирөө кадр алып келе турган болсо мен Улуттук коопсуздук кызматына же Ички иштер министрлигине «бул кандай кадр?» деп жөнөтөм. Ал жактан деле кээ бирөөлөр таза деп келет, таза экен деп койсоң эле, кошуна-колоң, таанышы-билиши тараптан момундай иши бар деп Интернеттен чыгып калып жатат. Чекесине жазып койгон эмес да. Ошону үчүн айтып жатпаймынбы, жаш жана таза кадрларды өстүрүп чыккыча беш-он жыл убакыт керек экен",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн