Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат

09.08.2022 11:29
907
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын айтымына таянып ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин 10-обзордук конференциясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолуккан.


Жолугушуу учурунда ТИМдин орун басары мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен БУУнун мындан аркы кызматташтыгынын келечеги тууралуу кайрылуусун тапшырды.


"ТИМдин өкүлү БУУнун башкы катчысына Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко боло турган иш сапары, негизги тышкы саясий демилгелери, атап айтканда, тоолорго байланыштуу күн тартибин илгерилетүү жана массалык кыргын салуучу куралды таркатпоо жаатындагы билим берүү боюнча маалымат берди", — деп жазылат билдирмеде.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн