Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Садыр Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат

19.09.2023 09:12
235
Садыр Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат


«БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилген», - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча Саммитинде сүйлөп жатып, белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Күн тартиби-2030” - бүгүнкү жана келечек муундар үчүн тынч, дени сак жана коопсуз жашоонун эң мыкты жол картасы, деп белгиледи.

“БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилген.

Биз БУУнун 2023-2027-жылдарга ТӨМ жаатында кызматташуу боюнча Алкактык Программасын, эки жылдык Биргелешкен иш планын жана ТӨМдү каржылоонун Комплекстүү улуттук механизмдерин кабыл алдык, ТӨМдү ишке ашыруу боюнча жогорку Кеңеш түзүлдү.

БУУнун жакында жарыяланган туруктуу өнүктүрүү боюнча баяндамасына ылайык, Кыргыз Республикасы БУУга мүчө болгон 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп, ТӨМдү ишке ашырууда олуттуу прогресске жетишкенин кубануу менен белгилейм. 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүгө умтулабыз”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент «Күн тартиби-2030ду” ишке ашыруу үчүн койгон мөөнөттүн жарымы өтүп кеткенине карабастан, көпчүлүк максаттарды аткаруудан дагы эле алыс экенибизди түшүнүшүбүз керектигин айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, БУУнун Башкы катчысынын ТӨМ жолундагы прогресс боюнча отчетун эсепке алуу менен, биз бүгүн бул жерге саясий эркибизди жана бардык деңгээлдеги ТӨМгө жетүү үчүн тез жана натыйжалуу иш-аракет кылууга даяр экенибизди көрсөтүү үчүн чогулдук.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ТӨМдү ишке ашыруудагы негизги багыттарга катышуучулардын көңүлүн бурду.

“Биринчиден, Кыргыз Республикасы COVID -19 пандемиясы башталганга чейин жакырчылыкты кыскартууда көзгө көрүнөрлүк прогресске жетишкен. Бирок коронавирустун башталышы менен жакырчылыктын жалпы деңгээли 2019-жылы 20 пайыздан 2020-жылы 25 пайызга чейин көтөрүлдү. Жакырчылыктын динамикасын төмөндөтүү жолуна кайтаруу үчүн акыйкаттыкка жана инклюзивдүүлүккө негизделген социалдык коргоо системасын бекемдөө биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ.

Кыргыз Республикасы ага бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын сапатын жогорулатуу жана каржылоо жолу менен билим берүү системасын комплекстүү трансформациялоого умтулат.

Сапаттуу билимге жетүү жумушка орношуу жана татыктуу жумуш үчүн керектүү пайдалуу көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет.

Эл агартуу жана билим - элибиздин сапаттуу жашоосу жана өнүгүүсү үчүн ажырагыс шарт.

Экинчиден, Кыргыз Республикасы “жашыл” экономиканын принциптерин жана моделдерин ишке ашыруу аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө умтулат.Чакан жана орто ишкердикти «жашыл» каржылоо кеңейтилет, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын активдүү катышуусу камсыз кылынат.

Биз санариптик ажырымды жоюу боюнча натыйжалуу чараларды көрөбүз.

Тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу башкаруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелерине мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, күч-аракет жумшалат», - деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине дуушар болуп жатканын билдирди.

Алсак, акыркы 20 жылдын ичинде орточо температуранын өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ашып кетти, ал эми дүйнөдөгү эң көп чыгындылардын сценарийи боюнча өлкөнүн көрсөткүчтөрү аймактагы эң жогорку көрсөткүчкө ээ болушу күтүлүүдө. Мөңгүлөрдүн андан ары эриши жана суунун деңгээлинин азайышы аймактагы азык-түлүк туруксуздугун азыркыдан да күчөтүп, жакырчылыкты, миграцияны жана теңсиздикти тездетиши мүмкүн.

“Мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо максатында биз БУУнун колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча программаларды ишке ашыруу, тышкы карызды экология боюнча долбоорлорго алмашуу үчүн атайын Фонд түзүү аркылуу өтө аялуу өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө максаттуу каржылоону колдойбуз. Биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз жана ТӨМдү андан ары ишке ашырууга умтулабыз. Биз БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары, Амина Мохаммед айым менен тилектешпиз, ал «ТӨМдү – оптималдуу айкалышты табуу үчүн бири-бирине дал келе турган үмүттөрдүн калейдоскобу» деп эсептейт”, - деди президент.

Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин ТӨМгө жетүүнү тездетүү боюнча конкреттүү милдеттенмелерди кабыл алууга даяр экенибизди баса белгиледи, алар:

1-демилге: Инклюзивдик жана сапаттуу билим берүү үчүн системаны жана реформаны өзгөртүү - № 4 максат;

2-демилге: Инклюзивдүү «жашыл» экономиканы илгерилетүү - №7, №12, №13 жана №15 максаттар.

Президент Садыр Жапаров ТӨМгө толук кандуу жетишүү жолунда заманбап чакырыктарга биргелешип чечим табууга болот, деп сөзүн жыйынтыктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн