Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров: Бажы кызматы 11 айда бажы төлөмдөрүнүн планын 100 млрд 755,3 млн сом өлчөмүндө аткарды

28.12.2023 13:11
816
Садыр Жапаров: Бажы кызматы 11 айда бажы төлөмдөрүнүн планын 100 млрд 755,3 млн сом өлчөмүндө аткарды


Президент Садыр Жапаров бүгүн Бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты, деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) борбордук аппаратынын имаратында жайгашкан бажы кызматынын музейине барды. Ошондой эле Садыр Жапаров бажы операцияларынын бардык деңгээлдеринде ачык-айкындуулугун камсыздаган, ошондой эле бажы органдарынын ишинин оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртууга өбөлгө түзгөн МБКнын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышып чыкты.

Президент куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын бажы кызматы коопсуздукту камсыздоо, бажы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле республикалык бюджеттин кирешелерин көбөйтүү боюнча жүктөлгөн экономикалык милдеттерди өз деңгээлинде аткарып келгенин белгиледи.

“Соңку тарыхыбызда бажы органдары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Учурда тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүү жаатында жагымдуу шарттарды түзүү боюнча алдыңкы органдардын катарында кирди. Талбаган иш-аракети менен инвестициялык климатты жакшыртууга, улуттук экономиканын атаандаштыгын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнүн үстүндө”, - деди ал.

Президент тышкы соода операцияларын жүргүзүүдө экономиканын субъектилери, тышкы инвесторлор биринчи кезекте бажы органдары аркылуу өтөөрүн баса белгиледи. Ошондуктан Бажы кызматынын ишинин сапаты, ыкчам тейлөөсү, ыңгайлуу шарттарды түзүүсү экономикалык активдүүлүккө олуттуу таасирин тийгизет. Мындан сырткары, Бажы кызматынын чек арадагы өткөрмө пункттары аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү аркылуу транспорттук логистиканы өркүндөтүүдөгү ролу чоң.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Бажы кызматы быйылкы жылдын 11 айында бажы төлөмдөрүнүн болжолдуу планын 100 млрд 755,3 млн сом өлчөмүндө аткарып, башкача айтканда 7 млрд сомго көп чогултуп, рекорддук көрсөткүчтөргө жеткенине, алдына ала белгиленген божомолду 108,2%га аткарганына өзгөчө басым жасады. Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн суммасын 111 млрд сомго чейин көбөйтүү күтүлүүдө, бул бардык жылдардагы чогултуунун рекорддук көрсөткүчү болмокчу. Бул пландаштырылгандан 10 миллиардга көп.

“Бажы кызматынын жетекчилигине 107,6 млрд сом чогултуу тапшырмасы коюлган эле, силер бул тапшырманы ийгиликтүү аткардыңар”, - деп билдирди Президент.

Ал Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрүнүн натыйжалуу ишмердигин белгилей кетти. 2023-жылдын 11 айында бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 5547 факт боюнча укук бузуулардын жана кылмыштардын зыяндары аныкталган. Анын жыйынтыгында бюджетке кошумча 657,6 млн сом түштү.

Мамлекет башчысы Бажы кызматкерлерин мындай жогорку көрсөткүчтөргө карабастан, алдыга дагы амбициялуу максаттарды коюууга чакырды.

“Өткөрүү пункттарынын инфратүзүмүн жакшыртуунун, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун жана жүргүзүлүүчү бизнес-процесстердин ачыктыгынын натыйжасында гана күтүлгөн жыйынтык орундалат. Мен бир апта мурун, 21-декабрда “Торугарт” өткөрүү пунктуна барып, реконструкциялоо иштери менен таанышып келдим. Татаал климаттык шарттарды эске алуу менен чоң жумуштар жасалыптыр. Көзөмөлдөөчү органдар менен ташуучулардын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Эгерде бүгүнкү күндө “Торугарт” өткөрүү пункту аркылуу 300дөн ашык жүк ташуучу унаа өтсө, модернизациялоо аркылуу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн суткасына 1000 унаага чейин жогорулатуу керек. Башка өткөрүү пункттарында да ушундай иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл”, - деп Мамлекет башчысы белгилеп өттү.

Буга байланыштуу Бажы кызматы бардык бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу, өткөрүү пунктунун инфраструктурасын жакшыртуу багытында пландалган иш-чараларды ишке ашырууну улантуусу зарыл.

“Азыркы мезгилде бүткүл дүйнөлүк коомчулук Бажы кызматын эл аралык сооданы өнүктүрүүнүн таасирдүү куралы болушунун үстүндө иштеп жатат. Бул багытта биздин Бажы кызматыбыз келечекте санариптик бажы тутумун түзүүгө карай ишенимдүү кадам таштоодо. Бул бүгүнкү күндүн талабына ылайык негизги максатыбыз болушу шарт. Мындай милдет 2022-2024-жылдарга карата бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясында белгиленген. Аны ишке ашыруу менен бажы тутуму кыйла ийкемдүү, заманбап, ишкерлик үчүн да, мамлекет үчүн да натыйжалуу болот деп бекем ишенем”, - деп айтты Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Бажы кызматынын Кырдаалдык борборунун ишмердигинин, ошондой эле бажы процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүүнүн алкагындагы иштердин айрым жыйынтыктары менен таанышканын айтып берди.

“Албетте, электрондук өткөрүү пунктунун, транспорт каражаттарынын өтүүсүн белгилөөнүн жана көзөмөлдөөнүн жаңы механизмдеринин, онлайн төлөмдөр системасынын киргизилиши, бажы кызматынын маалыматтык системасын өркүндөтүлүшү менен бажылык башкаруу, бажы процесстеринин ачык-айкындуулугу кыйла жакшырды. Бул натыйжалар 2023-жылдын жыйынтыгында көрүнүп турат”, - деди ал.

Президент мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы жүрүм-турумду жана мыйзамды так сактоо принциптерин калыптандыруу – алардын ишинде артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.

“Үстүбүздөгү жылы бардык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү менен катар ар кандай мыйзамсыз схемаларга аралашкан 76 абийирсиз кызматкер кызматтан бошотулду. Коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, бул багытта иш-аракеттерди күчөтүү боюнча иштерди мындан ары да улантуу керек.

Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн бекитилген болжолун аткарууну 100% камсыз кылуу жана бажы жол-жоболорун автоматташтыруу, санариптештирүү процесстерин киргизүү боюнча ишти 2024-жылы да улантуу зарыл”, - деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн