Жетинин айы 07, 2025
Убакыт: 13:26
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.105

Садыр Жапаров Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

07.11.2025 11:04
40
Садыр Жапаров Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Вашингтон шаарында президент Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Лидерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий чөйрөдө, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдорун талкуулашты. 


Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып, мунай жана газ запастарына ээ эмес экенин айткан Мамлекет башчысы өлкөнүн башкы байлыгы – билимдүү жаштар экенин баса белгиледи. Алардын көбү IT-чөйрөсүн активдүү өздөштүрүп жатышат.


Садыр Жапаров ошондой эле каржы технологиялары жаатындагы кызматташтыкка көңүл буруп, АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан кабыл алынган, дүйнөдөгү эң алдыңкы жана прогрессивдүү мыйзамдардын бири болуп эсептелген стейблкоиндерди жөнгө салуучу Genius Act мыйзамын белгиледи.


Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда санариптик каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин - KGST ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер тууралуу айтып берди.


Өз кезегинде Дональд Трамп Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки жактуу мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. 


АКШнын президенти ошондой эле жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки өлкө элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн