Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров ЕЭКтин кезектеги жыйынына видеоконференция аркылуу катышат

14.10.2021 09:45
1302
Садыр Жапаров ЕЭКтин кезектеги жыйынына видеоконференция аркылуу катышат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына видеоконференция аркылуу катышат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына видеоконференция аркылуу катышат. 


Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бир катар документтерди, алардын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжонууда. 

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн