Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров Казак премьер-министри эмнени талкуулады?

02.03.2021 21:20
645
Садыр Жапаров Казак премьер-министри эмнени талкуулады?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.


Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашты.


Казакстан премьер-министри Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, өлкөлөрдүн өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.


Президент Садыр Жапаров 2020-жылда коронавирус пандемиясы маалында Казакстан мамлекети бизге биринчилерден болуп кол сунуп, чоң колдоо көрсөтүп, эмгек мигранттарынын Мекенине кайтып келүүсүнө «жашыл коридорлорду» түзүп бергендиги үчүн Казакстандын Өкмөтүнө кыргыз элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.


Мамлекет башчысы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.


Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн