Бугу 01, 2024
Убакыт: 05:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратын ачты

18.04.2024 15:20
434
Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратын ачты


Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Театр 2021-жылдын сентябрында «Манас» эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Президенттин Жарлыгы менен 2022-жылы театрга улуттук макамы берилген.

Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт. Имаратта театрдын чыгармачыл жамаатынын ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар бар: кенен кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана 300 орундуу концерттик зал.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө байыркы кыргыз элинин тарыхында элдик оозеки чыгармалар ооздон-оозго өтүп, куйма кулак тубаса элдик таланттарыбыз аркылуу журтубуздун нарк-насили, каада-салты, үрп-адаты, тили, дили сакталып, урпактан урпакка уланып келе жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Балыкооз, Келдибек, Музооке, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай өңдүү манасчыларыбызды эскерип, алар кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосун муундан-муунга өткөрүп келишкенин баса белгиледи. «Өнөр алды – кызыл тил» деп, Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Барпы, Калык аталардай ак таңдай төкмөлөрүбүз акындык өнөрдүн күчү, комуздун кылы менен руханий байлыктарды сактап калууга түздөн-түз таасирин тийгизген залкарлар болгон.

Мындан тышкары президент өз кезегинде Эшеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Болот Юнусалиев жана Түгөлбай Сыдыкбеков тилибизди жана эпосубузду «жаман сөздөн, жаман көздөн» сактап, коргоп, ар тараптан изилдеп, китеп кылып чыгарып, бизге - урпактарга жеткиргенин кошумчалады.

Садыр Жапаров ушул асыл инсандардын бизге калтырган мурасы бизге жөн эле руханий байлык эмес, кийинки урпактарга калтыра турган баа жеткис таберик экенин эсибизден чыгарбашыбыз керектигин ырастады. Дал ушул себептерден «Манас» театрын түзүү демилгеси келип чыккан. Ал туура 3 жыл мурда «Манас» театрын ачуу боюнча токтом кабыл алып, андан көп өтпөй атайын Жарлык менен ага «улуттук» макам ыйгарылганын эске салды. Аз гана убакыт өтсө дагы аталган театрдын өнөрпоздору камчы салдырбай иштеп, бир нече республикалык, эл аралык деңгээлдеги айтыш, кароо-сынак, фестиваль, концерттерди өткөрүү менен жамы журтка таанылып чыга алышканы кубандырат. Бул жаш театр креативдүү долбоорлору менен ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фондусу, Маданий шериктештик фонду, Интерньюс сыяктуу эл арлык уюмдар менен кызматташа баштады.

Буга байланыштуу президент демилгелүү жаштарыбыздын иш-аракеттерин ар тараптан колдоо максатында «Манас» театрына жаңы имарат салып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи. Бүгүн ошол ниетибиз ишке ашып, бир жыл мурда башталган курулушу аяктап, «Манас» театры жаңы имараттуу болуп олтурат.

Мамлекет башчысы ата-бабалардан калган мурастарга аяр мамиле кылуу, улуу муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жана тарыхый каада-салттарды жайылтуу, Кыргызстан элдеринин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын негизги милдеттеринен болуп саналарын өзгөчө белгиледи. Мамлекет кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык жол көрсөткүчү болгон улуу «Манас» дастаныбыз баш болгон рухий мурастарыбызды жайылтууга бар күч-аракетин жумшайт. «Манас» улуттук театрынын коомдогу орду чоң.

Андан соң президент Садыр Жапаров театрдын жаңы имараты менен таанышып, «Семетейдин анты» прологун көрдү.

Ушул эле жерден улуу руханий мурас – кыргыздын “Манас” эпосун сактоого, ошондой эле айтуучулук өнөрүн жана төкмө чыгармачылыгын илгерилетүүгө жана жайылтууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары тапшырылды.

- «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы төкмө акын Иманалиев Элмирбек Калиловичке (каза болгондон кийин);

«Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардак наамы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчысы Исаков Рысбай Рахмановичке ыйгарылды.

«Даңк» медалы менен манасчы, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Биймырза уулу Азиз сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Акматов Баян Өмүрбековичке тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Айдаркулова Изат Абдыжапаровна, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын дастанчысы Токтоболот уулу Улукбек сыйланышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн