Аяк оона 03, 2025
Убакыт: 22:03
USD
87.20
87.70
EUR
101.10
102.10
RUB
1.078
1.105

Садыр Жапаров Кытайдын жогорку өкүлү Цай Ци менен жолукту

03.09.2025 17:52
18
Садыр Жапаров Кытайдын жогорку өкүлү Цай Ци менен жолукту


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци менен жолугушту. 


Парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, гуманитардык жана маданий алмашууларды кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды. 


Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци Экинчи дүйнөлүк согуштагы кытай элинин Жеңишинин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышканы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. 


Ал кыргыз жана кытай эли согуш жылдарында ийиндеш күрөшкөнүн, бул баатырдык тарых жалпы эстутумдун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Цай Ци мамлекет башчысынын Кыргызстандын экономикасын реформалоо жана өнүктүрүү, ошондой эле калктын бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча күч-аракеттерин жогору баалады.


Ал Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында республика өнүгүү жана улуттук кайра жаралуу жолунда ишенимдүү кадам таштап жатканын баса көрсөтүп, кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп, быйыл эки өлкөнүн лидерлери үч ирет жолукканын эске салды.


Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан Кытай менен өз ара ишенимге, конструктивдүү саясий диалогго жана кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип ишке ашырууга негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. 


Экономика жаатында мамлекет башчысы Кыргызстандын ири соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү катары Кытайдын алдыңкы ролун белгилеп, каржы, инфраструктура, маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташтыкты ырааттуу кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. 


Бул контекстте ал кытай компанияларын Кыргызстандын улуттук долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышууга чакырып, өлкө экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерге ачык экенин баса белгиледи. 


Соңунда тараптар кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө, стратегиялык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга болгон өз ара умтулууларын ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн