Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров Конституцияны эмне үчүн жашырынып жазды?

19.11.2020 09:21
769
Садыр Жапаров Конституцияны эмне үчүн жашырынып жазды?


Башмыйзамды Акаев 6 жолу, Бакиев 1 жолу, Убактылуу өкмөт 1 жолу, Атамбаев 1 жолу өзгөрткөн.


Азыр Жапаров да башмыйзамды өзгөртмөкчү болуп атат. Муну кошсок Жапаровдун башмыйзамы онунчу болот.


Ошондо Кыргызстанда ар бир үч жылда бир башмыйзам жаңырткан болобуз. А Акаевдин доорун өзүнчө санаганда ал башмыйзамды ар эки жылда бир жолу жаңыртып турган. Ошол тогуз башмыйзамдын баарында күчтүү парламенттик башкарууга өтөбүз деген максат болгон. Бирок башчылардын эч бири өздөрү өткөргөн башмыйзамдын талаптарын өздөрү толук аткарган эмес.


Эгерде кийимиңди кир кылып алсаңага кийим күнөлүү эмес. кир болгон кийимди дароо эле отко салуу да шарт эмес. Болгону аны жакшылап жууп, үтүктөп, жылтылган жерин жамап алып кийсе да болот. Дүйнөдөгү эң кедей өлкөбүз. Биз барып карыз сурай элек эч ким калбады окшойт. Ошондо жамачы кийим бизге азыр куп эле жарашып турат. Мойнубузга алалы ушуну.



Ушундан улам мен түшүнө албаган бир нече суроолор бар. Мыйзамды жаман дегенден мурун өзүбүз ошол мыйзамдын талаптарын так сактап иштеп көрсөк кандай болот? Чын эле мыйзам жаман болуп атабы же бизге ак ниеттүүлүк жетпей атабы? Мыйзам күчсүзбү же биз эрксизбизби? Ушул суроону да берип көрбөйлүбү?


Же биздин башмыйзамда тендерлерден доля ал деп жазылганбы? Мэрлер ар бир курулушка уруксат берерде ишкерлерден 30 миң доллардан үлүш алып турсун деп жазылганбы? Шайлоолордо укук коргоо органында иштеген ар бир кызматкер бийликтин партиясына форма 2 менен ондон кишини шайлатып берүүгө милдеттүү деп жазылганбы? Же президент ар бир партиянын тизмесин текшерсин, тизмеде сага жакпаган талапкер табылса чийип сал, болбосо шайлоодо ал партияга бут тос деп айтылыптырбы?


Азыркы баш мыйзам долбоорунун авторун таппай убара болуп атабыз. Эсиңерде болсо, 2010-жылы Текебаев башмыйзамдын долбоорун көпчүлүк менен талкуулап отуруп жазган эле. Ал талкуу түз эфирде чагылдырылып турган. А Жапаров жаңы башмыйзамдын долбоорун эмне үчүн жашырынып отуруп жазды? Анда эмне катылган?


Буга чейинки президенттер башмыйзамды аттай албай көп учурда ыпылас иштерди өкмөттүн, көшөгө артындагы оюнчулардын колу менен кылчу. Мен айтсам болбой калат, сен айт дешчү. Элден, мыйзамдан аз да болсо айбыгып турушчу.


Азыр Жапаров бүт бийликти өзүнө алып, бардык ишти өзүм кылам, бардык чечимдерди өзүм кабыл алам деп турат.


Бул дүйнөдөгү эч талашсыз бир нече чындык бар. Таң эрте күн чыга берет. Кечинде бата берет. Бул чындык. Ошол сыяктуу эле дагы бир чындык бар. Эч бир адам бийликке келсе эле бүт адамдын акылын топтоп алалбайт.  Демек адашат, жаңылат. Жаңылуунун кесепети элге тийет, өлкөгө тийет. Маалыматтын күчү менен башкаларга караганда маалыматтуурак гана болушуң мүмкүн. Бирок эч качан акыл-эстин жалгыз булагы болуп калбайсың. Бардык жагдайларды алдын ала көрө албайсың. Эң улуу чындыктардын бири ушул.


Жапаров бүт бийликти өзүнө ыйгарып алса эле калган 6 млн адамдан акылдуу болуп кетпейт. Кеңешип, милдеттерди жана жоопкерчиликти да эл менен бөлүшүп, элдин да пикирин эске алууга мажбур болуп иштегенде гана ийгилик болоор.


 Бийликтин көп болгону жакшы, бирок ал эртеби-кечпи эсиртет. Бийлигиң азырак болсо эл эмне дейт деп элеңдеп, жоопкерчилиги кандай болот деп чочулап турасың. Эң коркунучтуу адам коркуу сезиминен кур калган адам.


Бийликтин көптүгү мына ошол коркуу деген сезимди өлтүрөт. Ал сезим адамды кан ичкичке айлантат. Анан акырында өзүн өлтүрөт. Ушундан абайласак болот эле.


Бул сөзүм менен азыр ураалаган көпчүлүккө жакпашымды жакшы билем. Мени жаман көрсөңөр мейли. Сөксөңөр да, мазактасаңар да мейли. Бирок жакшы көргөн өлкөбүздү аяйлычы. Кудай көп түрдүүлүктү сүйөт дейт. Ойлордун, жүйөлөрдүн, идеялардын да көп түрдүүлүгү жакшы. Кыргызстаныбызда кулак мээни тундурган ач кыйкырыктын, акылсыз сүрмө топтун ою гана өктөм болбой, акыл эстин жарышы орун алсынчы.


Ыдырыс Исаков, журналист


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Туура!