Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров: Медициналык кызматкерлердин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт

05.03.2021 15:01
1903
Садыр Жапаров: Медициналык кызматкерлердин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт


Кыргызстанда медицина кызмткерлеринин айлык акысы 40%га көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн КР президенти Садыр Жапаров Эл аралык аялдар күнүнө арналган аялдар менен жолугушууда билдирди.

Президент менен жолугушууда катышуучулар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жеңил өнөр жай жана спорт тармактарындагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Өз кезегинде мамлекет башчысы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрлардын айлык акыны көтөрүү маселеси артыкчылыктуу болуп саналат деп белгиледи.

“2021-жылы 1-июлдан баштап медиктердин айлык акысы 40%га көтөрүлөт. Мен 100%га чейин деле көтөрө бермекмин, тилекке каршы бул жылдын бюджетинин алкагында биз 40%га гана көтөрө алабыз. Бирок, мен бул багытта иштер улантыларына ишендирип кетким келет”,- деди Жапаров.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мээрим
Оклад 40%көтөрүлөбү ошондо?пенсия жашындагы кызматкерлер жаштарга качан орун беришет
врач терапевт Айсулу Канназарова
Я работаю в Медслужбе УВД Жалал-Абадской области, хотела попросить от имени наших медработников, чтобы это повышение касалось и нас. В период пандемии про нас, как медиков со стороны здравоохранения забыли.