Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров Пакистан президентине суу ташкындоо кесепетине байланыштуу көңүл айтты

03.08.2022 19:14
628
Садыр Жапаров Пакистан президентине суу ташкындоо кесепетине байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Ариф Алвиге Пакистандагы суу ташкындоо кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.


«Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары Пакистан Ислам Республикасынын бардык аймактарына адам өлүмүнө алып келип, чоң материалдык зыян алып келгендиги тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Биз азыркы оор мезгилде орду толгус жоготуунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөбүз», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн