Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров: Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат

26.11.2021 06:31
401
Садыр Жапаров: Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат

Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров КТРКнын теледебатында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтканы боюнча "Арыба" сайтына берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, шайлоодон кийин төңкөрүш жасагысы келген күчтөр бар.


"Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. "Алжып калган" дегеним өзү көрүп турган эле жолду "мына ушул жол туура" деп эле көрүп тура берчү адат бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100% мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер да моюндашты. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалды. Тигилер тараптан да жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз.


2012-жылы мен "Кумтөр мамлекетке өтсүн" деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып "атажуртчулар" ушул маселени көтөрүп чыгат, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт... Кийин добуш берерде "Ата Мекен" фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен",- деди президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн