Бугу 30, 2025
Убакыт: 00:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.30
99.30
RUB
1.103
1.130

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды

28.05.2025 17:27
66
Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды


Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. 


Жолугушууда Жапаров Кыргызстан аймактык коопсуздукту чыңдоого багытталган демилгелерди илгерилетип жатканын белгилеп, өлкө КМШ жана ШКУ сыяктуу уюмдар менен кызматташууну колдоого аларын айтты. 


Коргоо министрлеринин айтымында, терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу бүгүнкү күндүн коркунучтарына каршы биргелешип күрөшүү, маалымат алмашуу жана аракеттерди координациялоо өзгөчө мааниге ээ. Алар, мындан тышкары, Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгын ийгиликтүү деп сыпатташты. 


Эске салсак, бүгүн Бишкекте ЖККУ мамлекеттеринин коргоо министрлери кеңешинин жыйыны өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн