Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 07:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Садыр Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды

22.06.2022 09:06
448
Садыр Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды


Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда “адам укуктарын коргоо талаптарын, иш-аракеттерди сүйлөшкөнгө жетиштик. Акыйкатчынын макамын, эл аралык иштөө принциптерди туура түшүнүп, калыс, негиздүү иштин сакталышы маанилүү экенин баса белгилегени албетте шыктандырат”,-деп жазды.

Президенттин басма сөз кызматы бул жолугушуу тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборун Акыйкатчы институтуна кошуу демилгеси талкуу жараткан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки органды бириктирүү өкмөттүн позициясы экенин айтып, жакында сунуш берилерин билдирген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбеков буга макул эместигин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн