Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган.
Президенттин буйругу менен төмөнкүлөрдүн чини алынды:
- милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев — Бишкектин мурунку коменданты;
- милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов;
- милициянын генерал-майору Малик Нурдинов;
- милициянын генерал-майору Талантбек Салиев;
- генерал-майор Санжарбек Эркинбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн