Президент Садыр Жапаров чукул кайрылуу жасады. Анда Жапаров өзүнүн социалдык тармактардагы аккаунттарынан жазылган комментарийлер боюнча пикирин билдирди.
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Менин аккаунтумдан бирөө жарым кирип, комментарийлерди жазыптыр. Мен жасалма аккаунттардан жазып жатышса керек деп ойлогом, тилекке каршы менин өзүмдүн жеке аккаунтум экен. Колдонуп жүргөн жардамчымдан сурасам, биз эмес дейт. Азыр менин мурдагыдай интернет карап олтурганга убактым деле жок.
Фейсбукту эле сындырып киришеби же «Одноклассники» менен инстаграмды да сындырышабы???",- деп кайрылды президент.
Пикирлер (7)