Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 22:49
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге келди

25.06.2024 09:16
235
Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге келди


Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-июнда, Бельгиянын Брюссель шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын борту Брюссель шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу болот, ошондой эле эки тараптуу биргелешкен документтерге кол коюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн