Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Садыр Жапаров кайрадан футбол талаасында. Президенттин катышуусунда "Мурас" турнири өтөт

02.12.2022 09:43
574
Садыр Жапаров кайрадан футбол талаасында. Президенттин катышуусунда "Мурас" турнири өтөт



Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.



Маалыматка караганда, “ФОК Газпром детям” спорт комплексинде (“Арча-Бешик” к) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.


Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.


 Турнирге төмөнкү комндалар катышат:


- Президенттин командасы

- Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”

- Белгилүү ишкерлер - “Бизнес”

- Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”

- Футбол ардагерлери – “Алга”

- Спорт федерацияларынын жетекчилери - "Спорттук федерациялар"

- Жогорку Кеңештин депутаттары - "Жогорку Кеңеш"

- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери - "Аймактар"

- Дин өкүлдөрү – “Ыйман”

- Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”

- Ооруканалардын башкы дарыгерлери - "Ден соолук"

- Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору - “Билим”

- Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”

- Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери - "Коопсуздук"

- Белгилүү спортчулар - "Спорт жылдыздары"

- Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.


Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.  


 Турнир жылына эки жолу кышында жана жазында өтөт.

Беттештердин графиги жана алардын трансляциясы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн