Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:17
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасады

25.04.2021 20:35
25181
Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасады


Президент Садыр Жапаров эч кандай жер сатылбаганын, жерлер алмашылбаганын өзүнүн Telegram-каналы аркылуу билдирди. Элди жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана сабырдуу болууга чакырды.


"ЧЫНДЫКТЫ толук билмейинче ооз ачпа, жалганга көп ишенип көп АЛДАНБА!


Акыркы учурда саясий чайкоочулар өздөрүнүн жеке максаттары жана кызыкчылыктары үчүн, ар-кандай туура эмес “жалган” маалыматтар менен соц тармактардан бузукулук чакырыктарды таштап элдин башын айландырууда.

Билсеңиздер, эч кандай жерлер берилген жок, жерлер алмашуу жолу менен гана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп атат.

Элдин макулдугу, Эл менен жолугушуу, кеңешүү, түшүндүрүү иштери тыгыз жүрүп атат.

“Кеңешип кескен бармак оорубайт” деген сөз илгертен калган, ошондуктан биринчиден сөзсүз түрдө ЭЛ менен кеңешип туруп, анан туура чечимдер кабыл алынат. Ага чейин ар-кандай “САТТЫ, БЕРДИ” деген чагымчыл бузукуларга же ушак жалган маалымат тараткандарга ишенбеңиздер.

Урматтуу мекендештер, кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

“Сабырдын түбү - сары алтын”

Билесизби, эң күчтүү адам ким?


Ал дүйнө чемпиону, же болбосо “чоң муштумдарды” ойлошуңуз мүмкүн. Бирок жашоодо эң күчтүү адам бул сабыр кылган адам.

Бийик даражага жетүү, кыялдануу менен болбойт, түш көргөндүк менен да болбойт, чечкиндүүлүк жана сабырдуулук менен гана болот.

Ийгилике бакытка жетүү жолу бул – сабырдуулук.

Адамга кыйынчылык келгенде үч нерсени аткаруу керек:

1. Сабырдуулук.
2. Дуба кылуу.
3. Кыйынчылыктын кетүүсүн күтүү...",
- деп жазылат президенттин Telegram-каналында.

Пикирлер (18)

Коопсуздук коду
Махамат Топчубаев
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабай!!
Эржан Эрболов
Кайсы жерлерибизди качан элди чогултуп айтынар озунор эле барып Озбектердин скорыйларына алмаштырдынар окшойт ГЕС и жерлерди,Тажиктерди токтото албадынар кайра кайра кирип элди кыйнап атышат, Кыргыз биро жарымдын жерин басып алабвзбы же ардайым эле алдыра беребизби.
А А
Аферисттерге такыр ишенип болбой калды. Бугун бирди суйлосо эртен башканы суйлойт создорду бири бирине карама каршы келет
Абас Надырбеков
Сенсиң бузуку! Сабыр, дуа, күтүү эмес, аракет, билим, тазалык, чынчылдык керек бизге!
Тагдыр
Ошондой еле болсун